Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму

2024-жылдын 25-январы  №29/7

            Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессиясында кабыл алынган №28/1 токтомуна айрым толуктоо, түзөтүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

   Токтомдун башы Жээнбеков Жыргалбек Субановичтин арызын кароо жөнүндө деп, токтомго негиз болгон текстин жазылышы төмөндөгүдөй редакцияда толукталып, түзөтүлүп, өзгөртүлүп жазылсын.

 Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (АӨБ) тарабынан Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылындагы №796 контурунда жайгашкан 2.50 (эки гектар элүү сотых) га бак 2023-жылдын 13-февралында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында, жерлерди конкурстук негизде ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча Алай райондук комиссиясынын 2023-жылдын 28-февралындагы чечиминин негизинде Ж.С. Жээнбеков “конкурстун жеңүүчүсү” деп табылып, жогорудагы даректе белгиленген жер тилке ижарачыга 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара шартында пайдаланууга берилген.

  Аталган алма бак 1972-жылы эгилип, мөмө берүүчү бак-дарактардын баары көп жылдык илдеттен жабыркап, куурап, өсүү процессин токтоткондугу, бак-дарактардын учурдагы абалы жана жер тилкесинин жалпы аянты жөнүндө 2023-жылдын 23-декабрында түзүлгөн  №2 Актыны, Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттарынын, айыл тургундарынын, тиешелүү малекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда 2023-жылдын 23-декабрында өткөрүлгөн жыйындын №1 протоколун, 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессияда айтылган айылдык Кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин, сунуштарын, алымча-кошумчаларын жана Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) түзүлгөн эскперттик комиссиясынын 2023-жылдын 25-декабрындагы №487 сандуу илимий пикирлерин карап чыгып Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 28-декабрындагы 28/1 токтомунун №2 пунктунун текстинин толук жазылышы төмөндөгүдөй редакцияда толукталып жазылсын. 

        Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин айыл чарба министрлигине (АӨБ) өткөрүп берүү боюнча 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн комиссиянын Актысына ылайык, Кара-Шоро айылындагы №796 контурунда көрсөтүлгөн бактын жалпы аянты факты түрүндө 2.50 Ганы түзүп, (анын ичинен Кара-Шоро айылындагы Савай арыктын эки жээгиндеги коргоо зонасына тиешелүү болгон 0.20 сотых жери калтырылат) андан 2.30 га жери  ижарачыга 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара шартында пайдаланууга берилсин.

2.  Муктаждыкты эске алып, ижарачыга ижарага алган жер тилкесинде заманбап үлгүдөгү Резервуар, офис, сактоо кампасы, кароолкана, ажаткана курууга уруксат берилсин.

3.   Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылындагы №796 контурунда жайгашкан 2.50 (эки гектар элүү сотых) га бакка тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура боюнча башкармалыгынан жана “Кадастр” мамлекетиик мекемесинин Алай райондук филиалынан суралсын.

4.Кесилген бак дарактарды сатууга коюп, сатуудан түшкөн акча каражаттарын Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына кириштөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Т.Бегматов