Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын”

 

2024-жылы 16-январы №4

 

“Өрүктү айылдык аймагына караштуу Өрүктү айылындагы көчөгө Таштаналиева Салимбүбүнүн ысымын ыйгаруу жөнүндө”

 

Өрүктү айылдык Кеңешинин социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-январындагы отурумунун корутундусун угуп, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жана Сенобаза 3 көчөсүнүн жашоочуларынын пикирин эске алуу менен Өрүктү айыл аймагында 1954-жылы туулган, маркум Таштаналиева Салимбүбүнүн ысымын Өрүктү айылындагы Сенобаза 3 көчөсүнө ыйгарууга уруксат берилсин.

 

  1. Жаңы аталышы боюнча көчө белгилерин даярдоо, аталган көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу, жарыктандыруу, сүрүп-тегиздөө жана башка демөөрчүлүк иштерин мүмкүнчүлүгүнө жараша аткаруусу маркумдун жакындарына сунушталсын.

 

  1. Аталган көчөнүн жаңы аталышы боюнча иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык даярдоо маркумдун уулу Э. Таштаналиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук, этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.