Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”

 

2024-жылы 27-январы №1

 

“2023-жылдын жыйынтыгы менен айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү отчетту угуу жөнүндө ”

 

Өрүктү айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун 2023-жылдын жыйынтыгы менен Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 26-январь 2024-жылдагы отурумунун корутундусун эске алып, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

1.     Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Осмонбеков Медеткандын 2023-жылдын жыйынтыгы менен Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.

 

2.     Айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү Осмонбеков Медеткандын берилген отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

3.     Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджеттик тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.