ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”
2024-жылы 27-январы №2
“Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2023-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчету, 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө”
Өрүктү айылдык аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовдун маалыматын жана Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жыл 26-январындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
- Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2023-жылдын атайын каражатынын аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Жайыт комитетинин 2024-жылга киреше бөлүгү 1 039,5 (бир миллион отуз тогуз миң беш жүз) сом, жергиликтүү бюджетке 33% 346,5 (үч жүз кырк алты миң беш жүз) сом, жайыт комитетине 67% 693,0 (алты жүз токсон үч миң) сом бекитилсин.
- Жайыт комитетинин 2024-жылга карата аткарылуучу иш-планы бекитилсин.
- Жайытка чыгуучу чабандардын мал башына элден алынуучу төлөмдөр төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
- Кой, эчки – 150 (жүз элүү) сом;
- Кара мал, жылкы – 500 (беш жүз) сом.
- Төлөмдөрдү жогорудагы бекитилген көрсөткүчтөрдүн чегинде алынуусун жана малчылардын жайлоого көчүү мөөнөтүн көзөмөлдөө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н. Арзыматовго милдеттендирилсин.
- Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин жер, агрардык маселелер, экология, жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:
| К.С. Усенбаева. |