Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”

 

2024-жылы 27-январы №4

 

“Өрүктү айылдык аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2023-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчету, 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө”

 

Өрүктү айылдык аймагынын суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) башчысы Р. Асилбековдун билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 26-январь 2024-жылдагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

  1. Өрүктү айылдык аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2023-жылдагы жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

  1. 2024-жыл ичинде арыктарды, суу каналдарын тазалоо, оңдоп түзөө иштери үчүн айыл аймактын жергиликтүү бюджетинен “Арашан Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын эсебине 80,0 (сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2024-жылга киреше бөлүгү жалпы 488,0 миң, чыгаша бөлүгү 488,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган акча каражатын тиешелүү статьядан которуп берүү айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.

 

  1. Бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу, арыктарды, суу каналдарын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү “Арашан Булак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Р. Асилбековго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.