Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-февралы № 16-1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2021- жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт комитетинин төрагасы М.Мамановдун бюджети тууралуу билдирүүсүнө негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалары 388,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Тойчуев |