Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму

2024-жылдын 25-январы № 29/14

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто  мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча демилгелүү топ сунуш кылган долбоору  жөнүндө

 

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүүгө байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндө долбоорду карап чыгып Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.            Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүүгө  байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндө долбоорду карап чыгып райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2550000 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн салымдан Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен 300000 сомдук өздүк салымды бөлүп берүү сунушталсын.

 

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  жана айыл өкмөт башчы Г.Мадаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.Бегматов