КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 17-майы ПЖ № 120
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалган Чоноев Адилет Адамжанович судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 10-майынан тартып Чүй облустук сотуна жиберилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |