Редакцияот 17.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXIV -кезектүү сессиясы

2023-жылдын 17-февралы № 24/3

М.Кыдырбаевдин сунушу жөнүндө

Кара-Суу айылынын тургуну М.Кыдырбаевдин Ак-Кыя айылдык кенешке Улуу Ата Мекендин согушка катышып, аман эсен мекенге кайрылып келген жарандарга арналган эстелик курууга жер тилкесин сурап жазган сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу айылынын Улуу Ата Мекендин согушка катышып, аман эсен мекенге кайрылып келген жарандарга арналган Кара-Суу айылдык маданият клубунун аймагында жайгашкан Улуу Ата Мекендин согушта курман болгондорго арналган эстеликтин күн чыгыш тарабындагы бош турган муниципалдык менчикте турган жер аянтынан 0,01 га жер тилкесине эстелик курууга макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу