Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын”

 

2024-жылы 27-январы №5

 

“Өрүктү айылдык Кеңешининин 2024-жылга карата аткарылуучу иш-планын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Өрүктү айылдык Кеңешинин төрайымынын билдирүүсүн эске алып, күн тартибиндеги маселе, Өрүктү айылдык Кеңешинин 2024-жылга аткарылуучу иш-планын бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  II  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Өрүктү айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата аткарылуучу иш-планы (тиркемеге ылайык) бекитилсин.

 

  1. Өрүктү айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына жана жергиликтүү Кеңештин депутаттарына 2024-жылга карата бекитилген аткарылуучу иш-планга ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басары Ж. Хасанбаевге тапшырылсын.

 

 

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.