Редакцияот 17.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXIV -кезектүү сессиясы

2023-жылдын 17-февралы № 24/5

Т.Темирова атындагы орто мектебине 2 га жер аянтын берүү жөнүндө

Т.Темирова атындагы орто мектебинин сугат айдоо жерлеринен көмөкчү чарба уюштурууга 2 га жер сурап жазган кайрылуусун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаны-Жол айылынын Пилорама участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен темир жолго каралган жер аянтынан, темир жол курулганга чейин, жалпы аянты 2 гектар жер аянты, көмөкчү чарба уюштуруу үчүн Т.Темирова атындагы орто мектебине акысыз ижара келишими түзүлүп берилсин.

 

2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге жана Т.Темирова атындагы орто мектебинин директору А.Буржуевага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу