Редакцияот 17.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXIV -кезектүү сессиясы

2023-жылдын 17-февралы № 24/6

Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Жаны-Жол жана Кара-Суу айылдарынын айрым жайыт участкаларын жаздоо, күздөө катары пайдалануу жөнүндө

  Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Жаны-Жол жана Кара-Суу айылдарынын Сары-Бел, Мазарлуу-Үкөк, Көк-Бел, Үч-Чат, Кереге-Таш, Көк-Буканын жону, Көк-Буканын ичи, Тик-Булак, Май-Чуңкур, Ири-Жылга, Кен-Жылга, Көк-Кыя, Он-Кара-Сай, Мадыра, Жар-Таш, Байсаба, Чон-Акташ, Кичи-Акташ, Үңкүр-Таш, Кыргоо, Кургак-Кокту участкаларындагы жайыттарды жаздоо жана күздөө катары пайдаланууга калтыруу жөнүндө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Кыдырбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 33, 34-беренелерин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Жаны-Жол жана Кара-Суу айылдарынын Сары-Бел, Мазарлуу-Үкөк, Көк-Бел, Үч-Чат, Кереге-Таш, Көк-Буканын жону, Көк-Буканын ичи, Тик-Булак, Май-Чункур, Ири-Жылга, Кен-Жылга, Көк-Кыя, Он-Кара-Сай, Мадыра, Жар-Таш, Байсаба, Чон-Акташ, Кичи-Акташ, Үңкүр-Таш, Кыргоо, Кургак-Кокту участкаларындагы жайыттар жаздоо жана күздөө катары пайдалансын жана аталган участкалар жайкы жайлоо катары пайдаланбасын.

 

2.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Кыдырбаевке тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу