Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXV-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 25/1

2023-жылдын 1-январына карата Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн эсеп счётунда бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 2023-жылдын 1-январына карата Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн эсеп счётунда бош калган акча каражаты тууралуу бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитеттин жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчи Р.Калманбетованын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттен 1 789 624 (Бир млн жети жүз сексен тогуз мин алты жүз жыйырма төрт) мин сом бош калган акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүштө бекитилсин.

 

№

Берене

Чыгашалардын аталышы

Сумма

2215

Башка кызмат көрсөтүү Аппарат

 

1

22122900

Кара-Суу айылына тартылып келинген интернет линиясы үчүн Телекомго

188 000

2

22152100

Таштанды чыгаруу үчүн "Кочкор Тазалык" ишканасына которуу Жаны-Жол айылы

450 000

3

22154100

Афган коогаланына жардам көрсөтүү 15.02.2023 1*1000=1000

1000

4

22154100

Таджик коогаланына жардам көрсөтүү 24.02.2023 4*1000=4000

4000

5

22154100

8-Март аялдардын эл аралык күнүнө карата жардам 5*500=2500

2500

6

22154100

Чернобыль коогаланына жардам 27.04.2023 1*1000=1000

1000

7

22154100

Баткен коогаланына жардам 27.10.2023 6*1000=6000

6000

8

22154100

9-май жениш күнүнө карата катышуучулардын жесирлерин сыйлоо

4000

9

22154100

Карылар күнүнө карата жардам көрсөтүү

19000

10

22154100

Баатыр энелерди сыйлоо

19000

 

11

22154900

Туберкулез менен ооругандарга жардам берүү

5000

12

22154900

Майып балдарга жардам берүү

19500

13

22154900

Жетим балдарга жардам берүү депозит ачуу

10000

14

22154900

Жолбун иттерди аттыруу учун

20000

15

22154900

Ар кандай проекттерге докум даярдоо (смета,өздүк салым,мам акт)

186874

16

22154900

Топосьемка Жаны-Жол айылы ген планга

95750

17

22154900

Таштанды чогултуучу жайга мам акт алуу үчүн Кара-Суу айылы

108000

18

22154900

Мал базар салууга ар кандай чыгымдар үчүн (Транспорт,шагыл,көпөрө салуу,тегерегин тосуу ж.б)

450000

19

 

"Ак-Кыя Сервис" муниципалдык ишканасына таштанды төгүүчү жайды каздыруу үчүн

200000

 

 

Баардыгы:

1789624

 

 

2. Бош калган акча каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жагы К.Р.Финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.

 

3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдатышын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге жана ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.

 

4. Көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айылдык кеңешинин экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу