Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 22-февралы  № 1/1

Бириктирилген Жошолу-Корул айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын  29-декабрындагы №370-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 7-февралындагы № 52 Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370-Жарлыгына ылайык Жошолу жана Корул айыл аймактарынын бириктирилип катышкан 40 депутаттын 21 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Тилектеш айылдык кеңешинин төрагасы Танаев Азиз Бакирович шайланды деп эсептелсин.

 

2.Бириктирилген Тилектеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Алмазбек уулу Бекмурза шайлангандыгы белгиленсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Тилектеш айылдык

кеңешинин убактылуу

төрайымы:

А.Муңайбасова