АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXV-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 25/2
“Ак-Кыя сервис” ишканасынын 2023-жылга карата иш планы жөнүндө
“Ак-Кыя сервис” ишканасынын 2023-жылга карата иш планы тууралуу “Ак-Кыя сервис” ишканасынын жетекчиси Н. Турпаналиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. “Ак-Кыя сервис” ишканасынын 2023-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Иш планы “Ак-Кыя сервис” ишканасынын жетекчиси Н. Турпаналиев тарабынан аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |