Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXV-кезексиз сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 25/3

Ак-Каптал участкасындагы жер аянттарын аукционго кою жөнүндө

Кара-Суу айылынын Ак-Каптал участкасындагы жер аянттарын ижарага берүү боюнча өткөрүлчү аукциондо сунушталчу ижаранын баштапкы баасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын билдирүүсүн тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу айылынын Ак-Каптал участкасындагы жер аянты ижарага берүү боюнча өткөрүлчү аукциондо сунушталчу ижаранын баштапкы баасы бир гектар жер аянты бир жылга 10 000 (он миң) сом болуп бекитилсин.

 

2. Бул токтомду аткарууга алуу жана мыйзамдаштырып берүү жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу