АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XXV-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 25/4
“Ак-Кыя сервис” ишканасынын мекемелердин таза сууга жана таштанды чыгарууга төлөнүүчү тарифин бекитүү жөнүндө
“Ак-Кыя сервис” ишканасынын директору Н. Турпаналиевдин мекемелер таза сууга төлөөчү жана Кара-Суу айылынын тургундары тарабынан таштанды чыгарууга төлөнүүчү тарифин бекитүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ак-Кыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын таштанды чыгарууга төлөнүүчү салыктык эмес тарифи бир түтүнгө бир айга 150 (жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
2. Кара-Суу айылындагы айыл өкмөттүн имараты, спорт комплекстин имараты, Ийгилик-9 бала бакчасы үчүн таза сууга төлөнүүчү салыктык эмес тарифи бир айга 2500 (эки мин беш жүз ) сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге жана «Ак-Кыя сервис» ишканасынын директору Н.Турпаналиевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Сагынбек уулу |