Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-ноябрындагы № 59
Халмион айыл аймагындагы №32 “Ноогардан” жана М.Юсупов атындагы №12 “Жошук” орто мектептеринин имараттарын капиталдык ремонт иштерине айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым кошуу жөнүндө
Халмион айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында демилгечи топтор аркылуу Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу максатында Халмион айылдык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталган маселелерди карап чыгып Халмион айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Халмион айыл аймагындагы № 32 “Ноогардан” орто мектебинин имаратын үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорду ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин 31112290 статьясынан өздүк салым катары 779 000 (жети жуз жетимиш тогуз мин) сом бөлүнсүн.
2. Халмион айыл аймагындагы Мамат Юсупов атындагы №12 “Жошук” орто мектебинин аянтчасына брусчатка басууга үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен даярдалган долбоорду ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин 31112290 статьясынан өздүк салым катары 657 000 (алты жуз элүү жети мин) сом бөлүнсүн.
3. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Халмион айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | Кожонов З.Ы |