Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10 январындагы № 61
"Халмион айыл аймагынын айыл окмоту" мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 105 мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Халмион айылдык кеңеши
Токтом кылат:
5. "Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтү" мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Мамлекеттик тилде: “Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмот Исхак-Полотханского айылного аймака”.
6. “Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин иштелип чыккан жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.
7. Юридикалык дареги: Баткен облусу, Кадамжай району, Исхак-Полотхан айыл аймагы, Жеңиш айылы, Х. Матмусаев көчөсү, № 40
8. “Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы З. Н. Максутовго жүктөлсүн.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат
Төрага | Кожонов З.Ы |
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы кезексиз сессиясынын № 61-токтому менен бекитилди. |
Исхак-Полотхан айыл аймагынын
айыл өкмөтү жөнүндө.
Ж О Б О
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтү (мындан ары - айыл өкмөтү) жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Айыл өкмөтүнүн структурасы
3. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
4. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы
6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
7. Айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары
8. Айыл башчысы
9. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
10. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
11. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
1. Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, өкмөттүн токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.
Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5 Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлугүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
1) Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жаматтын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) Мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) Өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5) Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) Жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) Коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8) Тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо.
1.6 Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү, мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7 Айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы- мекеме
1.8 Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде - «Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси, расмий тилде - Учреждение «Айыл окмот Исхак-Полотханского айылного аймака».
1.9 Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Жеңиш айылы, Х.Матмусаев көчөсү, 40-үй.
2. Айыл өкмөтүнүн структурасы
Айыл өкмөтүнүн структурасы, штаттык саны Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарбынан аныкталып бекитилет.
Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчыларынан турат.
Айыл өкмөтүнүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
Айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.
Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
3. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтү:
1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кенеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;
3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чаларады жүзөгө ашырат;
4) жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
5) ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу –шайманды өткөрүп берүүгө катышат.
6) турак жай фондун, турак жай –коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат.
7) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
8) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
9) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жузөгө ашырат.
4. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары.
4.1 Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен каклкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн карамагына төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу:
2) Муниципалдык менчикти башкаруу;
3) Жергиликтүү бюджетти түзүү,бекитүү жана аткаруу:
4) Калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) Калктуу конуштарда канализиция жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу:
9) Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндурүү жана жашылдандыруу:
10) Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу:
11) Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жонго салуу;
13) Жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14) Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу:
16) Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) Бош убактты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды тузүү;
20) Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.
4.2 Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
4.3 Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакытта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4 Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5 Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларга гана жол берилет.
4.6 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
4.7 Айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет.
1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу:
2) Жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) Мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
6) Жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк балын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7) Аскер милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакыруучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чыгарууну уюштурууга көмөктөшүү;
8) Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) Айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) Ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
11) Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрошүү, өстүрүлгөн түшүмдү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12) Салыктарды, алымдарды жана камсыздандырууну төгүмдөрүн жыйноо;
13) Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) Тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) Даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17) Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгиленген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жолөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
18) Мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүугө тийиш.
3. Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
2) башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;
3) тиешелүү айыл аймагында туулган;
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
5) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
6) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.
7) Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.
8) Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү – 5 жыл
Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгрым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен бацланышкан эмес.
Төмөнкүдөй учурларда айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
5) өлдү, дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчулүгү жок болгон учурда;
9) кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) алардын ишин кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда;
11) ишеним жоголгондо;
12) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзам кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин анын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
6. Айыл өкмөтүнүн башчысын ыйгарым укуктары
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;
2) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;
3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;
4) айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүу бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консултациялык – укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет.
5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;
7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген мунципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары өзү аткаруучу функциялар үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында жооп берет.
8. Айыл башчы
1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечинүү уюштуруу максатында айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
2. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салтарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.
3. Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.
4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыктарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен укуктуу.
9. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жаматтарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
9.2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддору түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
10. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
Айыл өкмөтү жөнүндө жобосу жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
11.Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
11.1. Айыл өкмөтү Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
11.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын перезиденти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
11.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы: | З. Максутов |