ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 1/2
«Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу жана Корул айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Тилектешского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “ Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.
- Расмий тилде: У-е “Айылный кенеш Тилектешского айылного аймака”
2. “Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин” Жобосу бекитилсин.
3. “Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин” юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Жаңы-Турмуш айылы, Жаңы-Турмуш -1 көчөсү № 1а болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага:: | А.Танаев |