Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

   2024-жылдын 12-апрели  № 2/1

Тилектеш  айыл аймагынын айыл   өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндөгү” №233 токтомуна жана №153 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Тилектеш  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламенти бекитилсин.

 

2. Тилектеш  айыл өкмөтүнө караштуу бардык мекемелерге бекитилген Регламентти жетекчиликке алуу жеткирилсин.

 

3. Регламенттин Жоболору менен кынтыксыз иш алып барууну уюштуруу Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жана башчынын орун басары-жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

Төрага::

А.Танаев