КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2024-жылы 25-январы №26-3
««Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын киреше бөлүгүнөн 2024-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын киреше бөлүгүнөн 2024-жылга калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө корутундусун угуп, талкуулап, сессия токтом кылат:
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын киреше бөлүгүнөн 2024-жылга калган 2 142 969 (эки млн бир жүз кырк эки миң тогуз жүз алтымыш тогуз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүнсүн:
- Кассанын накталай акчанын көлөмү- 200 миң сом;
- Кызыл-Туу айылындагы бала бакчага эмеректерди алуу үчүн- 1млн 800 миң сом
- № Кесиптик лицейине курулуш материалдарды алып берүү үчүн – 142 миң 969 сом
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кенештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом Www.kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Д.Шатманалиева. |