Редакцияот 04.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

“Бекитемин”

Бурана айылдык кеӊешинин

төрагасы _________А.Б.Исагалиев

“ 4 ” декабрь 2023 ж.

 

2024-2026-жылдарга Бурана ААнын калкты социалдык жактан коргоо

программасы

 

Кириш сөз

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты социалдык жактан коргоо программаларын иштеп чыгышы керектиги каралган (113-берене).

 

Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык: жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинен үзүндүлөр

 

КР Конституциясынын ченемдерин аткаруу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы жөнүндө төмөнкүдөй ченемдерди белгилейт:

 

1) Мэриялардын, айыл өкмөтүнүн атынан ЖӨБдүн аткаруу органы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш аныктаган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат (45-, 51-беренелер);

2) Шаардык же айылдык кеңештин атынан өкүлчүлүктүү орган аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитет, программанын аткарылышы жөнүндө отчетту угат (34-берене).

 

1. Программаны иштеп чыгуунун принциптери жана эрежелери

 

Калкты социалдык жактан коргоо боюнча сунушталып жаткан программа (мындан ары – Программа) социалдык тобокелдиктерден жабыр тарткан же турмуштук оор кырдаалда турган жарандарды колдоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт.

 

Программа төмөнкү принциптердин негизинде иштелип чыгат:

 

ü  Социалдык коргоо маселелерин чечүү ЖӨБ органдарынын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат;

ü  Жергиликтүү жамааттын жана калктын өзгөчө аярлуу топтору Программаны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун бардык этаптарына тартылат;

ü  Программаны пландоо жана ишке ашыруу баскычтарында ЖӨБ органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу;

ü  Программанын чаралары жергиликтүү бюджеттин жана башка булактардын эсебинен каржыланат.

 

2. Жумушчу топтун курамы:

Бурана айылдык аймагынын ЖӨБдүн аткаруучу органы Калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгуу максатында АӨ башчысынын 2023-жылдын 2-майындагы №89 буйругу менен төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлдү:

1 Иманкунова Гульниза, ФЭБдин жетекчиси

2 Юсупова Аида, айылдык кеңештин депутаты

3 Исакова Гульмира, айылдык кеңештин депутаты

4 Отунчиева Нурбюбю, айылдык кеңештин депутаты

5 Султангазиева Рахат, айылдык кеңештин депутаты

6 Ниязалиева Фатима, айылдык кеңештин депутаты

7 Турсунбеков Аблабек, КТКны башкаруу боюнча демилгелүү топтун мүчөсү

8 Макеев Мурат, КТКны башкаруу боюнча демилгелүү топтун мүчөсү

9 Шамбетова Сүйүн, жергиликтүү жамааттын мүчөсү

10 Токоева Зайра, Бурана айылынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү

11 Султанова Нурия, Мээнеткеч айылынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү

12 Сейдакматова Айнура, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси

13 Жамангулова Калира, А.Жансеитов атындагы орто мектептин социалдык мугалими

 

 

 

3. Статистикалык маалымат жана кырдаалдын сүрөттөмөсү

 

 

№

Калктын категориялары

Саны

 

Кожолуктардын саны

 

 

Калктын саны

 

 

Жаштар (18 жаштан 35 жашка чейинкилер)

 

 

Эмгекке жарамдуу калктын саны

 

 

Тышкы мигранттардын саны

 

 

Жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн саны

 

 

Жарым-жартылай жетимдер

 

 

Толук жетимдер

 

 

18 жашка чыга элек майыптыгы бар адамдар

 

 

18 жаштан ашкан майыптыгы бар адамдар

 

 

Мигранттардын балдары

 

 

Аярлуу топторго кирген үй-бүлөлөрдүн саны

 

Жумушчу топ социалдык жардамга муктаж деп аныктаган социалдык топтордун категориялары

 

 

Кирешеси 4409 сомго чейин болгон, калктын аярлуу топторуна кирген үй-бүлөлөр

 

 

Аярлуу топторго кирген балдар

 

 

18 жашка чыга элек майыптыгы бар балдар

 

 

18 жаштан ашкан майыптыгы бар адамдар

 

 

Оор турмуштук кырдаалда жашаган үй-бүлөлөр

 

 

Бурана айылдын аймагында “аярлуу топтордун” катарына аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирет. Аларда:

1) Өзүнүн турак жайы жок;

2) Туруктуу жумушу жана кирешеси жок;

3) Чарбасында бодо малы жана тооктору жок;

 

 

4. Максаттуу топтор жана алардын муктаждыктары

 

Социалдык кызматкер берген маалыматтын, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрүнүн макулдашылган пикиринин негизинде 4 максаттуу топ аныкталды. Программа ушул төрт топту коргоого багытталат:

1) Айына кирешеси 4409 сомго чейин болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөр

2) Калктын аярлуу топторуна кирген балдар

3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 18 жашка чыга элек балдар жана чоң адамдар

4) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр

 

1) Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.

Айылдык аймакта жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге 135 үй-бүлө туура келет жана төмөндөгү таблицада бул үй-бүлөлөрдүн кирешелери көрсөтүлгөн:

 

№

Кирешелердин градациясы

Үй-бүлөлөрдүн саны

 

1000 сомго чейин

 

 

2910 сомго чейин

 

 

4409 сомго чейин

 

 

135 үй-бүлөнүн ичинен 2 гана үй-бүлө 3240 жана 2430 сомдон жөлөкпул алышат.

Аз камсыз болгон 133 үй-бүлөнүн ичинен өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн категориясына 27 үй-бүлө кирет, алардын ичинен 6 үй-бүлөгө 2022-2023-жылдары райондук калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгы социалдык контракт боюнча 100 000 сомдон бөлүп берген. Ушул тапта бул үй-бүлөлөр жакырчылыктан чыгууга аракеттенип жатышат: 4 үй-бүлө саан уй сатып алышты жана сүт сатуудан түшкөн кирешеге мал алышууда, ошону менен чарбада малдын санын көбөйтүп, өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылып жатышат. Ал эми 2 үй-бүлө тигүү машинкаларын сатып алып, буйрутма менен иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө 2 үй-бүлөнүн кирешеси айына орточо 35-40 миң сомду түзүп калды.

Белгилей кетсек, социалдык курамы боюнча калган 127 үй-бүлө да ар түрдүү, алардын арасында көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптыгы бар адам жашаган үй-бүлөлөр жана турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр бар:

1. Көп балалуу үй-бүлөлөр – 38, алардын ичинен өтө жакыр үй-бүлөлөр – 17, аларда 4 жана андан көп баласы бар, жалпысынан 83 бала ушундай шартта жашайт.

2. Майыптыгы бар адам жашаган үй-бүлөлөрдүн саны – 25;

3. Турмуштук оор кырдаалда турган 4 үй-бүлө бар, мындай үй-бүлөлөрдө жалпысынан 19 бала жашайт.

2022-жылы 127 үй-бүлө ар кандай демөөрчүлөрдөн гуманитардык жардам алышкан. 2022-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы ??? сомго ??? үй-бүлөгө 250 килодон көмүр таратылып берилген. Материалдык жардам алууга жазылган арыздын негизинде жалпы суммасы 12 000 сом өлчөмүндө 6 жаранга 2 000 сомдон финансылык колдоо көрсөтүлгөн. Жыл сайын майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турат, Карылар күнүнө карата аз камсыз болгон 130-150 үй-бүлөгө белектер таратылган.

 

Программаны даярдоо процессинде ушул социалдык топтордун төмөнкүдөй муктаждыктары аныкталды:

·         Жумуш орундары менен камсыз кылууга муктаж

·         Азык-түлүккө муктаж

·         Кыш мезгилине отун менен камсыз кылууга муктаж

·         Үй куруу үчүн жер участокторуна муктаж

·         Ичүүчү сууну үзгүлтүксүз алып турганга муктаж

 

2) Майыптыгы бар адамдар: балдар жана чоңдор.

 

Бурана ААда майыптыгы бар чоң адамдар жана 18 жашка чыга элек балдар жашайт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 45 баланын 26сы гана мектепке барат, алардын ичинен 13ү – кыздар. Үйдө 3 бала окуйт, анын ичинен бирөө кыз. Бир баладан башка бардык майып балдардын ата-энеси бар, 12 жаштагы бул бала тоголок жетим, бирок аны туугандары карайт. Бала майыптыгы боюнча жөлөкпул жана пенсия алат, ар дайым көзөмөлдө турат жана эч нерсеге муктаж эмес.

 

Бойго жеткен калктын арасында жалпысынан майыптыгы бар 185 адам бар, алардын курамы төмөнкүдөй:

 

Топтун аталышы

Бардыгы болуп, адамдардын саны

Алардын ичинен аялдар

1-топ

 

 

2-топ

 

 

3-топ

 

 

Бала кезинен бери кулагы укпаган майыптар

2-топ

 

 

Бара-бара укпай калып, майып болуп калгандар

2-топ

 

 

Көзү көрбөгөн майыптар

1-топ

 

 

2-топ

 

 

3-топ

 

 

Ар кандай оорулардан улам майып болуп калгандар

1-топ

 

 

2-топ

 

 

3-топ

 

 

Бала кезинен майыптар

1-топ

 

 

2-топ

 

 

3-топ

 

 

 

Чоң адамдардын арасында 6 адам төшөктө жаткан оорулуулар. Алардын ичинен бирөө – аял. Төшөктөн тура албаган оорулууларды туугандары багат. 2-3-топторгон кирген майыптардын 80 пайызга жакыны чакан ишкерлик, дыйканчылык менен алектенишет, базарларда соода кылышат. Белгилей кетсек, майыптыгы бар бардык адамдар мамлекеттен майыптыгы боюнча жөлөкпул алышат. 18 жашка чыга элек 1-топтогу майыптар 8 000 сомдон, 2-топтогу майыптар 6 600 сомдон, 3-топтогу майыптар 5 400 сомдон алышат. Ал эми 1-топко кирген майыптыгы бар чоң адамдар 8 000 сом, 2-топко киргендер 6 600 сом, 3-топко киргендер 5 400 сом алышат.

Жыл сайын ЖӨБ органдары Майыптар күнүнө карата майыптыгы бар адамдарга көңүл буруп турат, мисалы, 2022-жылы азык-түлүктөн жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле ЖӨБ органдары майрам күндөрү майып балдарга да көңүл буруп, Жаңы жылга, 1-июнга жана 3-декабрга карата уюштурулган иш-чараларга балдарды чакырып, белек таратып, концерттик программа уюштуруп беришет.

Программаны даярдоо процессинде ушул социалдык топтордун төмөнкүдөй муктаждыктары аныкталды:

1) 1 бала майыптардын арабасына муктаж;

2) Ата-энеси майып, өтө начар шарттарда жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын категориясына кирген кыз камкордукка жана финансылык жардамга муктаж;

3) Дары-дармектерге муктаж, себеби өз кирешеси тартыш;

4) Курорттук дарылоого муктаждык бар;

5) Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждык бар;

6) Жумуш табуу үчүн кайсы бир кесипти үйрөнүүгө муктаждык бар;

7) Жумуш орундарын түзүүгө жана камсыз кылууга муктаждык бар;

8) Азык-түлүккө жана кийим-кечеге муктаждык бар.

 

3) Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр

 

Айылдык аймакта өтө жакыр шартта жашап, турмуштук оор кырдаалда турган 4 үй-бүлө бар, алардын жалпысынан 19 баласы бар.

 

Бул категорияга киргендер:

1. Азык-түлүккө жана кийим-кечеге муктаж

2. Киреше алып келүүчү ишке үйрөнүүгө муктаж

 

4. Максаттуу топтордун өкүлдөрүн колдоо чаралары

 

4.1.Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кыш мезгилинде көмүр менен камсыздоо

 

2024-жылы 63 жакыр үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, ар бирине 500 килодон көмүр сатып берилет. Бул үй-бүлөлөрдө 1 адамдын айлык кирешеси 2910 сом болуп жатат. Чыгымдар төмөнкүдөй болот: 63 үй-бүлө * 500 кило көмүр * 5000 сом = 157 5000 сом.

 

2023-жылы өтө оор абалда турган жана жардамга муктаж болгон 90 үй-бүлөгө 220 кило көмүр түрүндө жардам берүү пландалууда.

 

Жардам жыл сайын 2024-жылдын 1-августунан баштап жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилери пландаштырылууда.

 

4.2. Ишке орноштуруу борборунда жумушка орношуу үчүн адистикке ээ болууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө окутуу

 

Калктын аярлуу топторуна киргендер, анын ичинде аялдар жана жаштар үчүн Иш менен камсыз кылуу борборунда төмөнкү адистиктер боюнча окутуу уюштурулат: чач тарач, маникюр, электрик, газ-электр ширетүүчү. Окутуу акысыз негизде болот.

Жыл сайын окутууга 20дан адамды жиберип туруу пландалууда.

Окутуу 2024-жылдын апрелинен баштап уюштурулат.

Курстарга 3-топтогу майыптыгы бар адамдарды тартуу пландалып жатат.

 

 

 

4.3. Улгайган адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк менен жардам берүү.

 

4.3.1. Майыптар күнүндө 1-2-топтогу майыптыгы бар, жардамга муктаж 45 балага жана 14 чоң кишиге 500 сомго чейин азык-түлүк салынган баштыктар таратылат. Бюджети: 59 адам * 500 сом = 29 500 сом. 2023-жылы 29 500 сомго 59 адамга жардам көрсөтүлөт.

4.3.2. Карылар күнүнө карата 170 адамга түшкү тамак жана белек түрүндө жалпы суммасы 170 000 сомго колдоо көрсөтүлөт (1 адамга 1000 сомго чейин).

4.3.3. Жаңы жылга карата 4 тоголок жетимге жана төшөктө жаткан 6 оорулуу адамга 400 сомго чейин белек түрүндө жардам көрсөтүлөт. Бюджет: 10 адам * 400 = 4000 сом.

4.3.4. Балдарды коргоо күнүнө карата майыптыгы бар 45 балага жана өтө жакыр үй-бүлөдө өсүп жаткан жана турмуштук оор кырдаалга кабылган 17 балага 400 сомго чейин белек түрүндө колдоо көрсөтүлөт. Белектердин жалпы суммасы 24 800 сом болот.

4.3.5. Муктаждарга майыптардын арабасы түрүндө жардам көрсөтүлөт, бул үчүн 1 арабаны сатып алууга 62 800 сом каражат бөлүнөт.

4.3.6. Аз камсыз болгон жарандардын кайрылуулары боюнча жардам көрсөтүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп турат.

4.3.7. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларга жыл сайын 50 миң сомдон бөлүнөт.

Жардам көрсөтүү үчүн каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.

 

 

4.4. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү

2023-жылы аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөдө жашаган 16 майып адамга үй куруу үчүн 12 сотиктен жер участогу бөлүп берилген. Мындан ары үй курууга бөлүнгөн жерлердин жалпы аянтынан жерлердин 20% жакыр үй-бүлөлөрдү, анын ичинде аялдарды жана жаштарды үй куруу үчүн участоктор менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

 

 

 

5. Калкты социалдык жактан коргоо программасынын бюджети

 

№

Иш-чаралардын аталышы

Программанын бюджети: жылдар боюнча чыгымдар

2024

2025

2026

 

 

1

Кирешеси 2910 сом болгон, калктын аярлуу топторуна кирген 63 үй-бүлөгө 500 килодон көмүр түрүндө жардам көрсөтүлөт

157500

157500

157500

2

Майыптар күнүндө 1- жана 2-топтогу майыптыгы бар, жардамга муктаж 45 балага жана 14 чоң кишиге 500 сомго чейинки суммада азык-түлүк таратылат.

29500

29500

29500

3

Карылар күнүнө карата 170 адамга түшкү тамак жана белек түрүндө 1000 сомдон колдоо көрсөтүлөт.

170000

170000

170000

4

Балдарды коргоо күнүнө карата майыптыгы бар 45 балага жана өтө жакыр үй-бүлөдө өсүп жаткан жана турмуштук оор кырдаалга кабылган 17 балага 400 сомго чейин белек түрүндө колдоо көрсөтүлөт. 62*400=24 800 сом

24800

24800

24800

5

Майыптардын арабасы түрүндө жардам көрсөтүлөт

64,2

64,2

64,2

6

Аз камсыз болгондорго кайрылуулар боюнча жардам көрсөтүлөт

100,0

100,0

100,0

7

Жаңы жылга карата 4 тоголок жетимге жана 1-топтогу майыптыгы бар 6 адамга (төшөктө жаткандарга) жардам көрсөтүлөт

4,0

4,000

4,0

8

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар

50,0

50,0

50.0

Баары

 

600 миң сом

600 миң сом

600 миң сом

 

 

6. Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү.

 

Программада көрсөтүлгөн бардык чаралардын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт. Бул үчүн жумушчу топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардын катышуусу менен Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) түзүлөт. БМжБ тобунун курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

БМжБ тобу мониторинг жана баалоо жүргүзүү методикасын өз алдынча иштеп чыгат. Методиканын негизинде квартал сайын мониторинг боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, маалымат айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке берилет.

Ар жылдык мониторинг жана баалоо боюнча маалымат айыл өкмөтүнүн маалымат тактасына жарыяланып турат.

Мониторингдин негизги көрсөткүчтөрү:

1) Чаралар боюнча жыйынтыктарга жетишүүнүн сандык көрсөткүчтөрү:

- жыл сайын 500 килодон кем эмес көлөмдө көмүр алган үй-бүлөлөрдүн саны,

- калктын аярлуу топторунун ичинен ишкерлик боюнча билим алган жарандардын саны,

- азык-түлүк баштыктарын жана белектерди алган жарандардын саны.

 

2)     Программаны аткарууга берөлүнгөн каражаттарды чогултуу, бөлүштүрүү жана өздөштүрүү.

БМжБ тобунун ишинин жыйынтыгынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө жыл сайын жергиликтүү кеңешке отчет берип турат.