Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-майы № 219
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын балансында турган кыймылсыз мүлк объектин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын 2024-жылдын 17-январындагы № 2 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Идентификациялык коду 6-04-08-1001-0502, аянты 5 950 кв.м болгон № 001443 жер участогунда турган, аянты 342,8 кв.м болгон имарат Талас облусунун Талас районундагы Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы Талас облусунун Талас районундагы Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Талас облусунун Талас районундагы Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик кайра каттоону жүзөгө ашыруу;
- өткөрүлүп берилүүчү объекттин сакталышын жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын камсыз кылуу;
- өткөрүлүп берилүүчү мүлктү андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.,33
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
| А.У. Жапаров |