Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жылы 25-январы №26-4

 

« Айылдык Кенештин жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү жөнүндө.»

 

Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын 2024-жылга иш пландарын бекитип берүү жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап сессия

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.    Кызыл-Туу айылдык Кенештин жана туруктуу комиссиялардын 2024-жылга карата иш пландары бекитилсин.

 

2.    Түзүлгөн пландын негизинде иш алып баруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4.    Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

5.      Токтом Www.kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6.       Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

 

 

 

Төраганын орун басары:

Д.Шатманалиева.