Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 30-майы №2/1
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын 2-кезектүү сессиясынын №2/3 токтому менен бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинен тендерден үнөм болгон каражат 40,9 миң сом жана К.Карпеков орто мектебинин утурумдук ремонтуна каралган 130,0 миң (бир жүз отуз миң) сом, баары 170,9 (бир жүз жетимиш миң тогуз жүз) сом тиркемеге ылайык өзгөртүлүп бекитилип берилсин. (1-тиркеме тиркелет)
2. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы
таштанды төгүүчү жайга дарбаза салууга Муництпалдык ишканага которуп берилүүчү 7011 бөлүгүнүн 2215 статьясындагы 25,0 (жыйырма беш) миң сомду ушул эле бөлүктүн 2222 статьясына которулуп берилсин.
3. Кара-Суу Муниципалдык ишкананын акча каражаты өзүлөрүнүн банк эсеп счетуна түшүп жаткандыктан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 26-декабрь 2022-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайытты башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» №713 токтомунун негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражатка Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык эмес төлөмдөрүнө коюлган пландагы 3344,3 миң сом пландан кемитилсин.
4. 2022-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайытты башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» №713 токтомунун негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражатка Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык эмес төлөмдөрүнө коюлган пландагы 3344,3 (үч миллион үч жүз кырк төрт миң үч жүз) сом пландан кемитилсин.
5. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтуу акысына пландан ашыкча түшүүсү күтүлүп жаткандыктан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 1054,1(бир миллион элүү төрт миң бир жүз) сомго кошумча план сураганга макулдук берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж . Иманкулов |