Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жылы 25-январы №26-5

 

« Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө»

 

Кызыл-Туу айылдык Кенешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жумабаевдин, жеке ишкер Момунов Уланга, Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө корутундусун угуп, талкуулап, сессия

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

  1. Момунов Уланга Кызыл-Туу айыл аймагынын экономикасына жана жаш муундардын билим алуусуна кошкон салымы үчүн, Жылгын айыл тургундарынын сунуштарына негиз, Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

  1. “Ардактуу атуул” наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кенештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары:

Д.Шатманалиева.