Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №190
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 11-майындагы 01-03-849 номери менен чыгышталган “Очистной участкасынан таза суу түтүкчөсүн орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 11-майындагы 01-03-849 номери менен чыгышталган “Очистной участкасынан 2,7 метр аралыкта сугат суу менен биргеликте таза суу түтүкчөсүн орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Очистной участкасынан таза суу түтүкчөсүн орнотууга сметалык иш кагаздарына ылайык 2 996 151 (эки миллион тогуз жүз токсон алты миң бир жүз элүү бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Абдыразаков |