Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №191
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 14-майындагы 01-06-869 номери менен чыгышталган “Металлург” футбол командасына улуттук лигасынын оюндарына катышуусу үчүн жергиликүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө кайрылуусу
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 14-майындагы 01-06-869 номери менен чыгышталган “Металлург” футбол командасына улуттук лигасынын оюндарына катышуусу үчүн жергиликүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын футбол боюнча “Металлург” командасына Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясына өздүк салымын төгүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 126 000 (бир жүз жыйырма алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Абдыразаков |