Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №192
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги 01-06-752 номери менен чыгышталган “Молдо Нияз көчөсүнө заманбап тамы жабык бассейин курууда тосколдук жараткан иштебей турган д-325 мм жылытуу түтүкчөсүн жылдыруу жана Учкун участкасынан таза суу тартууга 130 метр д-325 мм түтүкчөсүн гильза катары коюу жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 26-апрелиндеги 01-06-752 номери менен чыгышталган “Молдо Нияз көчөсүнө заманбап тамы жабык бассейин курууда тосколдук жараткан иштебей турган д-325 мм жылытуу түтүкчөсүн жылдыруу жана Учкун участкасынан таза суу тартууга 130 метр д-325 мм түтүкчөсүн гильза катары коюу жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин убактылуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдо Нияз көчөсүнө заманбап тамы жабык бассейин курууда тосколдук жараткан иштебей турган д-325 мм жылытуу түтүкчөсүн Учкун участкасынан таза суу тартууга (130 метр аралыкка) гильза катары иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Абдыразаков |