Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №194
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15-майындагы 01-06-879 номери менен чыгышталган кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15-майындагы 01-06-879 номери менен чыгышталган “Таза суу программасы боюнча кредит алуу үчүн шаардык мэриянын жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысын жана техпаспортун күрөөгө коюуга уруксат берүү жөнүндөгү” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза суу” программасы боюнча кредит алуу үчүн шаардык мэриянын жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысын жана техпаспортун күрөөгө коюуга уруксат берилсин.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Абдыразаков |