Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

   2024-жылдын 12-апрели  № 2/5

Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайыт төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү   жөнүндө

 

           Кыргыз Републикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайыт төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү  жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.               Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин 2024-жылга карата түзүлгөн бюджети Корул аймагында 250,0 (эки жүз элүү миң), Жошолу аймагында 300,0 (үч жүз миң) сомго, жалпысынан 550,0 (беш жүз элүү миң) сомго бекитилсин жана жайыт төлөмдөрү ар бир уйга 60 (алтымыш) сомдон, жылкыга 70 (жетимиш) сомдон, ал эми кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон, ошондой эле сырттан келген бодо малга 250 (эки жуз элүү) сомдон, ал эми кой-эчкиге 100(жүз) сомдон бекитилсин.

 

2.              Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.

 

3.              Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.

 

4.              Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл башчыларга жана ветеринардык адистерге , ошондой эле жайыт төлөмдөрү боюнча иш алып баруучу кызматкерге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Танаев