Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

   2024-жылдын 12-апрели  № 2/7

Бириккен айыл өкмөттөрүнүн сметасын бекитүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы  №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештеринин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Жошолу жана Корул айыл өкмөтторун бириктирүү жолу менен кайрадан Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 38951,6 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 24030,8 миң сомго, өздүк киреше 14920,8 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар 642,0 миң сом) болуп бекитилсин.

 

2.      Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылда пайдаланылбай калган 1281,5 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар эсебиндеги 0,7 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин жана жогорудагы акча каражатын Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук Финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3.      Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бириктирилген сметасында көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо жана пайдалануу жагы  Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы К.Мусабаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

 

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага::

А.Танаев