Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 7-майындагы № 4/1
№ 27 Жоро Алимов атындагы орто мектебинин алдындагы куурап калган бак-дарактарды кыюуга уруксат берүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Корул аймагынын Кең-Жылга айылында жайгашкан № 27 Жоро Алимов атындагы орто мектебинин директорунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Корул аймагынын Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектебинин имараты жаныдан курулуп жаткандыгына байланыштуу, мектептин алдындагы эскилиги жеткен, куурап калган бак-дарактарды кыюуга уруксат берилсин .
2. Куурап калган бак-дарактар тууралуу иш кагаздарын даярдап, тиешелүү мекемелерге билдирүү мектеп директоруна жана айыл өкмөттүн өзгөчө кыраалдар боюнча жетектөөчү адиси К.Чапыевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага:: | А.Танаев |