Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 17-майы № 5/1
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган эксковатор техникасын баланска кабыл алуу жана элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн коммуналдык чарбалар жана ирригациялар боюнча адиси Д.Умаровдун сатылып алынган техниканы баланска кабыл алуу жана элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган эксковатор техникасы айыл өкмөттүн балансына кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган эксковатор техникасынын элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифи Корул аймагындагы эксковатору 1 мото саат иштесе 2500 (эки миң беш жүз) сом 00 тыйын, ал эми Жошолу аймагындагы техникага 2200 (эки миң эки жүз) сом 00 тыйын деп бекитилсин (тариф тиркелет).
3. Механизатордун укугу жана милдети түзүлгөн келишимге ылайык бекитилсин жана механизаторго бекитилген талаптарга ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет).
4. Айыл өкмөт башчысынын жана коммуналдык чарбалар боюнча адистин уруксаты менен айыл өкмөткө тиешелүү жумуш болбогон бош убакытта техника айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусу боюнча буюртмаларды аткарууга чыгарылсын.
5. Айылдык кеңешке квартал сайын техниканын аткарган иши боюнча отчет берип туруу жагы айыл өкмөт башчысы жана техниканын айдоочусуна жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Танаев |
Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V заседаниесинин 2024-жылдын 17-майындагы № 5/1 токтомуна № 1 тиркеме
Механизатордун укугу:
* Механизатор- спецтехниканы башкарып-иштетүүгө;
* Мотосаат жеткенде токтотуп коюуга;
*Буюртма берген жарандын аткарта турган жумушу менен алдын ала көрүп, таанышып келүүгө (техниканын күчү жетпей турган иш болуп калуусу мүмкүн).
Механизатордун милдети:
* техниканы келишимдин негизинде өткөрүп алгандан кийин ар дайым оң абалда кармоого.
* ТО-1,ТО-2,ТО-3,ТО-4,ТО-5 жана башка техникалык кароодон өз убагында өткөрүп туруу.
* Техниканы өз убагында (ТО-1денТО-5)кароодон өткөрбөй, шалаакылык менен техникага зыян алып келсе, келтирилген чыгым механизатордун эсебинен ордуна коюлат.
* Техниканын жолдо жүрүү эрежелерин, өрт коопсуздугун, жумуш учурунда коопсуздук эрежелерди сактабай техникага зыян алып келинсе келтирилген чыгым механизатордун эсебинен төлөнүп берилет.
* Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде бардык төлөмдөрдү(патент,страховой полюс,транспорт салыгын жана башка) өз убагында төлөөгө милдеттүү.
* Техниканын узак мөөнөткө кызмат кылуусу үчүн анын сакталышын камсыздоо максатында (жабык гаражда же болбосо навесте) кармоого милдеттүү.
* Техниканы башка бирөөгө башкарууга берүүгө укуксуз.
* Айыл өкмөтүнүн иштери болгон мезгилде күйүүчү майын куюп берүү менен гана иштесин (айыл өкмөттүн жумушун аткаргандыгы боюнча акт түзүп, кол коюу менен)
Айыл өкмөт башчысынын жана коммуналдык чарбалар боюнча укугу жана милдети:
1. Техниканы, механизатор келишимде көрсөтүлгөн жоболорду аткарбаган учурда кайтарып алууга укуктуу.
2. Техниканын ар-дайым оң абалда болуусун текшерип турууга милдеттүү.
3. Техниканын сакталышын(үстү жабык жайда же болбосо атайын гаражда) камсыздоого милдеттүү.
Бекитемин: Тилектеш айылдык кеңешинин төрагасы: __________А.Танаев «___»______2024-ж | Макулдашылды: Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысы: ________К.Мусабаев «___»_____2024-ж
|