Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 31-майы № 91
2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталарын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталары ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө япон тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 15-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |