Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-апрели № 162
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
Жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү, автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү боюнча мамлекеттик заказды натыйжалуу аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдына коюлган милдеттерди андан ары ишке ашыруу, натыйжаларга жетүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы төмөнкүдөй өз алдынча юридикалык жактарга бөлүү жана түзүү жолу менен кайра уюштурулсун:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасына.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы бөлүштүрүү балансына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучулары деп белгиленсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнө бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде:
- 6-пунктта "Кыргызавтожол" деген сөз "Кыргызавтожол-Түндүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы жана 2-пунктунун 5-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 2-пунктчасы.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактын бөлүштүрүү актыларын бекитсин;
- колдогу негизги, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;
- бошотулуп жаткан штаттык бирдиктерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик заказды аткарууда чыгымдарды бирдиктүү казыналык системасына киргизүү маселесин иштеп чыксын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин менен Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 3-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ