ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 9-июлу № 3/7
Аймактын көрктөндүрүү жашылдандыруу жана айлана чөйрөнү тазалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын Жазы айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү жашылдандыруу жана айлана чөйрөнү тазалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү жашылдандыруу жана айлана чөйрөнү тазалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.
2. Айыл аймагында трассадагы асфальт жолду арык суулары каптап жаткан жерлерди токтотуу боюнча СПА ишканасы менен биргеликте иш алып баруу айыл өкмөтунун башчысы А.Жолоевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |