АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги Х сессиясы
2023-жылдын 19-декабры № 10-3
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын 2023-жылда аткарылган иштери тууралуу отчету жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу отчетту 2024-жылдын айыл өкмөтүнүн бюджетин кабыл алганга чейин 20-январдан кечиктирбестен милдеттүү түрдө берүү жагы тапшырылсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Э. Толубаев |