ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 9-июлу № 3/11
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардам көрсөтү жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевдин социалдык маселелер боюнча сунушу менен таанышып жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсызболгон үй бүлөлөргө жылына бир жолу 2000(эки миң)сом өлчөмүндө материалдык акчалай жардам көрсөтүлсүн.
2. Турмуштун оор кырдаалына кабылган үй бүлөлөрдүн мучөсү каза болгон учурда жаранды акыркы сапарга узатуу зыйнатына 5000(беш миң)сом өлчөмүндөакчалай материалдык жардам көрсөтулсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтунүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К Камчибеков |