Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы

2021-жылдын 29-сентябры № 5/ 13

Аймакта жайгашкан орто мектептердин, бала-бакчалардын 2021-2022-жылдарга карата күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдардын абалы жөнүндө

Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын аймакта жайгашкан орто мектептердин, бала-бакчалардын 2021-2022-жылдарга карата күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдардын абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Айыл аймакта жайгашкан Т.Ташмаматов, Ж.Мойдунов, Ж.Абдурасулов, А.Абдыкеримов орто мектептеринин жүргүзүп жаткан иштери канаатандырарлык деп табылсын.

 

2. Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин ээрип кетекн печкасын жана А.Абдыкеримов атындагы орто мектебине кошумча печка алып берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.Т.Ташмаматов орто мектебинин турмуштун оор кырдаалына кабылган 2-3-класстын окуучулары Усенбаев Марсел жана Төрөбеков Манасбек айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо бөлүмү каттоого алып, үй бүлөлүк абалы боюнча изилдөөгө алып, айыл өкмөт тарабынан материалдык жардам көрсөтүлүп маалыматы туруктуу комиссияга берилсин.

 

4. Ш.Абдуллаева,М.Оморбекова,Т.Рыспаева, К.Чолпонкулова, Р.Мамыева атындагы бала бакчалардын жүргузүп жаткан иштери канаатандырарлык деп табылсын.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер саламаттыкты сактоо, билим берүү,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Камчибеков