Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы
2024-жылдын 26-январы №15/3
“Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемеси менен “Чалма” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемеси жана “Чалма” айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен “Ылай-Талаа” айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо (жерлердин контурун көрсөтүү менен) жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Ылай-Талаа” айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.
Төрага: | Н.Айтбаев |