ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы
2024-жылдын 26-январы №15/5
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 25.02.2021-жылдагы кабыл алган №20/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Мыйзамынын 17–“Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп табуунун тартибитууралуу” беренесинин 1 жана 2-пункттарын жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 25.02.2021-жылдагы кабыл алган №20/5 токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй болуп окулсун: Ылай-Талаа айылындагы Ой-Кум көчөсүнө Казматов Каныбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен катттоодон өткөрүп мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин катчысы С.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |