Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы
2022-жылдын 12-сентябры № 84
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 8 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын жыйынтыгы менен бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренелерине жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 8 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңешиши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза –Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылдын 8 айына карата аткарылышынын жыйынтыгы менен салыктын төмөндөгү көрсөтүлгөн суммаларына ылайык кошумча план киргизилсин.
- Киреше салыгына (11111100 беренеси) – 4300,0 миң сом;
- Роялти салыгына (11462130 беренеси) – 250,0 миң сом ;
- Лицензия кармоодон түшүүчү төлөм ( 14151200 беренеси ) – 2000,0 миң сом;
- Инфраструктуралык өнүгүүгө чегерүү (14511400 беренеси) – 4500,0 миң сом
2. Айыл өкмөттүн киреше бөлүгүнө кошумча киргизилген пландын эсебинен төмөндөгү көрсөтүлгөн чыгымдарга ылайык жумшалсын:
- Кошумча алынган пландын эсебинен 2021-жылы аткарылган ички көчөлөрдү асфальттоодо болгон 6379,0 миң сом карыз төлөө үчүн ;
- М.Оморов атындагы маданиятүйүнүн сыртын актап-сырдоого 70,0 миң сом ;
- Канат менен Зарина атындагы китепканасын ремонттоого 67,0 миң сом ;
- К.Раимбеков атындагы мектеп гимназиясынын от жагуучу мешин ремонттоого 60,0 миң сом;
- Сибир жарасына курулган пордондорду ремонттоого – 31,4 миң сом;
- А.Калмурзаев орто мектебинин котелун куруу үчүн 392,6 миң сом ;
3. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүлөрдү киргизүү КР нын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Г. Жороева |