Редакцияот 04.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

2021-жылдын 4-ноябры № 6/ 18

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айында аткарган иштер жөнүндө

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Жолоев Абаддын 2021-жылдын 9 айында социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарган маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жазы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айында социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарган иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.

 

2.Жыл акырына чейин салыктын бардык көрсөткүчтөрү боюнча пландан чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Башчы

К.Камчибеков