Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-майындагы № 2095-VII
“Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев, Б.К. Чойбеков, Т.А. Масабиров, А.Т. Маткеримов, А.А. Козуев, Ы.Ы. Атажанов, У.Б. Бакасов, К.Л. Ханджеза, А. Алтынбеков, Р.Ш. Жакышов, С.А. Омурзаков, Т.И. Икрамов, Ж.П. Нурбаев, Ч.И. Ажибаев, А.Т. Эрбаев, Ш.К. Атазов, Т.Т. Мамытов, Ш. Мажитова, Б.З. Түлөбаев, Л.Х. Лурова, М.Ж. Сыдыков, Э.К. Кокулов, Б.Э.Тентишев, А. Исатбек кызы, Э.К. Абакиров, К.А. Талиева тарабынан демилгеленген “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |