ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XVI сессиясы
2024-жылдын 21-февралы №16/2
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 51-“Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызынын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бюджетбоюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгү 30 282,1 миң сомго, чыгаша бөлүгү 27 488,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
(№ 1 жана № 2 тиркемелер тиркелет)
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадамбаева) тапшырылсын.
Төрага: | Н.Айтбаев |