КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XV cессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 15/2
2021-жылга карата шаардын бюджетине түшкөн 3400,0 миң сом кошумча киреше жөнүндө
Кара - Суу шаарынын бюджетине 2021-жылга карата түшкөн 3400,0 миң сом кошумча кирешени каржылоо сунушун карап жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2021-жылга карата шаардын бюджетине түшкөн 3400,0 миң сом кошумча киреше төмөндөгү иштерге каржылансын:
- Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын реконструкциялоо үчүн 508,5 миң сом;
- жеңилдиктер үчүн 100,0 миң сом;
- аппарат кызматкерлеринин айлыгына - соц фонд, киреше салыгын төлөө боюнча карызды төлөөгө 200,0 миң сом;
- Шарихан-Сай каналынын жээгиндеги ички көчөнү тегиздөөгө шагыл төшөө үчүн 250,0 миң сом;
- түнкү жарыткычтардын электр энергиясына карыз төлөмдөрү үчүн 370,0 миң сом;
- спорт жана маданиятка 100,0 миң сом;
- департаменттин кызматтык авто унаасын оңдоого 30,0 миң сом;
- жасатылган архитектуралык долбоорлордун карызы үчүн 300,0 миң сом;
- шаардагы мектепке чейинки мекелерине жуучу каражаттарды сатып алууга 56,0 миң сомдон, жалпысы 168,0 миң сом;
- 30 даана түнкү жарыткычтарды орнотууга 73,5 миң;
- атайын техника сатып алууга 1300,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
В. Орозмаматова |