Редакцияот 04.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы

2021-жылдын 4-ноябры № 6/ 23

Жазы айыл аймагына логистикалык борбор ачуу жөнүндө

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы айыл аймакта өзүбүздүн дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын жана мөмө жемиштерин сактоого логистикалык борбор жок болгондугуна байланыштуу башка жактарда сактоого аргасыз болушкандыктан айыл аймактан логистикалык борбор ачуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1. Жазы айыл аймагында логистикалык борбор ачуу жөнүндө айыл өкмөтүнун сунушу боюнча Жээренчи айылынын түндүк жагынан 82 контурдан 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

2. . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Камчибеков.