Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 12-сентябры № 85
Жергиликтүү курултай өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Айылдык кеңеш мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын,айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына жана биринчи элдик курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022 –жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруулучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА” ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө жергиликтүү курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына саат 10:00гө чакырылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө Жергиликтүү курултайынын курамы калктын санына ылайык 150 (бир жүз элүү) делегаттан адам келери белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 25-октябрга чейин график ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 9(тогуз) адамдан бекитилсин .(тиркеме тиркелет)
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г. Жороева |
Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы
Жороева Гүлкан Опоңовна – Мырза-Аке айылдык кеңештин төрайымы, комиссиянын төрайымы,
Мамытова Айсулуу - Мырза-Аке айылдык кеңешти катчысы-комиссиянын катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
Исираилова Жылдыз –Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү-5494 шайлоо участкасына
Апарханов Медер –Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү –5457 шайлоо учаткасына
Айтбаева Айнаш- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү -5114 шайлоо участкасына
Джаныбеков Марат –айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү -5115 шайлоо участкасынан
Туташева Арзыкан – айылдык кекңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү - 5532 шайлоо участкасынан
Жолуев Амантур – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү -5116 шайлоо участкасынан
Бообеков Асылбек –айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү -5113 шайлоо участкасынан